Жайга жетпей! Испаниядан ысыктан 101 адам каза болду
Жай баштала электе эле: Испания май айында ысыктан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү катталганын билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн май айында өлкөдө ысыктан 101 адам көз жумган — бул он жылдан ашык убакыттан бери жүргүзүлүп келген статистикадагы эң жогорку көрсөткүч экенин Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
Мекеме бул сан акыркы он жылдагы май айындагы орточо көрсөткүчтөн 3,6 эсеге жогору экенин белгилеп, «жай баштала электе эле аномалдуу ысык мезгилдердин олуттуу таасири байкалып жатканын» билдирди. Ошол эле учурда, ысыктан болгон өлүм боюнча маалыматтар так эмес, болжолдуу эсептөөлөргө негизделет. Алар Momo системасына таянат. Бул система Испаниядагы күн сайын катталган өлүмдөрдүн санын чогултуп, тарыхый маалыматтарга ылайык күтүлгөн көрсөткүчтөр менен салыштырарын немис басылмасы Der Spiegel жазды.
Испаниянын улуттук метеорологиялык кызматы Aemet буга чейин өлкөнүн айрым шаарларында май айында абанын температурасы рекорддук деңгээлден ашканын, Испаниянын түндүгүндө «май айы үчүн өтө жогорку температура» байкалганын билдирген.