Abank_oct
SerepTV Logo

Айгүл Жапарова Самаркандда көргөзмөгө барды

Айгүл Жапарова Самаркандда көргөзмөгө барды
Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстан, Түркия, Ливан, Пакистандын Биринчи айымдары жана башка жогорку даражалуу коноктор менен биргеликте 21-22-октябрда Самарканд шаарында өтүп жаткан «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу» Дүйнөлүк саммитинин алкагындагы көргөзмөгө барды.

Көргөзмө Өзбекстанда ар бир баланын ден соолугун сактоого, укуктарын коргоого жана дараметин ачууга багытталган реформаларга арналган. Көргөзмөнүн максаты — балдарга салынган инвестициялар үй-бүлөдө жашоого, ден соолукту сактоого, билим алууга, корголууга жана коомдун жашоосуна катышууга кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн ачып көрсөтүү болуп саналат.
SEREP MEDIA