Abank_oct
SerepTV Logo

Пхукетте күтүүсүз суу ташкыны болуп, аймакты суу каптады

Пхукетте күтүүсүз суу ташкыны болуп, аймакты суу каптады

Пхукетте күтүүсүз суу ташкыны болуп, аймакты суу каптады — каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Таиландда 26-октябрга караган түнү нөшөрлөгөн жаандан улам Пхукет аралынын Патонг районундагы дөңсөөлөрдөн суу, ылай жана таштар капысынан ылдый түшкөн. Турак жайлар жабыркап, өзгөчө Сои Нанай көчөсүнүн 5- жана 8-көчөлөрү суу алдында калган. Ошондой эле Муанг-Пхукет жана Таланг райондорун, Камаланы да суу каптаган.

The Phuket News басылмасынын маалыматына караганда, 100дөн ашуун үй чарбасы жабыркаган. Мындан тышкары, унаалар жана дүкөндөр зыянга учурап, айрым жолдор жабылып калган.

Азырынча жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшө элек. Бирок метеорологдор 28-октябрга чейин кайрадан нөшөрлөгөн жаан жаап, жер көчкү жүрүү коркунучу жогору экенин эскертишүүдө.

SEREP MEDIA