Abank_oct
SerepTV Logo

«Чаарат Заав» 166 млн долларлык бюджет менен Түлкүбаш долбоорунун курулушун баштады

 «Чаарат Заав» 166 млн долларлык бюджет менен Түлкүбаш долбоорунун курулушун баштады

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Түлкүбаш» алтын долбоорунун курулуш этабы башталды. Канадалык Silvercorp Metals компаниясы менен «Кыргызалтын» ААК биргелешкен ишканасы болгон «Чаарат заав» ЖАК жылына болжол менен 110 миң унция алтын өндүрүү күтүлгөн алтын казып алуу жана кайра иштетүү комплексин түзүүдө. Курулуштун бюджети 166 млн АКШ долларын түзөт, өндүрүштү ишке киргизүү 2028-2031-жылдарга пландаштырылган.

2026-жылдын 15-октябрында долбоордун аянтчасында убакыт капсуласын салуу аземи болуп өттү. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Silvercorp Metals компаниясынын, «Кыргызалтын» ААК, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аксакалдар жана Чаткал районунун тургундары катышты.

«Чаарат заав» компаниясы буга чейин Чаткал районунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Түлкүбаш жана Кызылташ алтын казып алуу долбоорлорун өнүктүрүү боюнча иш алып барган. Эми долбоорлордун кийинки этапка өтүшү жана өндүрүштүк инфраструктуранын түзүлүшү аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат», — деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев.

Катышуучуларга «Чаарат заав» ЖАК ишмердүүлүгү жана компаниянын «Түлкүбаш» жана «Кызылташ» аттуу эки долбоорунун өнүгүшү тууралуу видеорепортаж көрсөтүлдү. «Түлкүбаш» долбоорунун курулушу эки долбоордун биринчи этабы болуп саналат.

«Келечекке көз чаптырып, биз бүгүнкү курулуштун башталышын жаңы этаптын башталышы катары кабыл алабыз», — деп белгиледи «Чаарат Заав» ЖАК директорлор кеңешинин мүчөсү Сон Хонг мырза өзүнүн кириш сөзүндө. «Курулуш иштерин илимий-техникалык негизде уюштуруп, ар бир процессти кылдат башкаруу менен биз «Түлкүбаш» долбоорунун биринчи этабын ырааттуу ишке ашырабыз. Ошол эле учурда «Кызылташ» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн бекем пайдубал түптөп, «Чаарат» кенин Кыргызстандын аймагындагы эл аралык тоо-кен компанияларынын кызматташтыгынын үлгүсүнө айландырууга умтулабыз».

Инвестициялар жана Кыргызстандын катышуусу

Долбоорлор «Чаарат заав» ЖАК 30% үлүшүнө ээ болгон мамлекеттик «Кыргызалтын» компаниясынын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылууда. Бул үлүш free-carried interest шарттарында, башкача айтканда, кыргыз тарапка долбоорду каржылоо милдеттенмеси жүктөлбөстөн берилген. Silvercorp Metals ишкананын 70% үлүшүнө ээ жана долбоорлордун оператору болуп саналат.

Сон Хонг мырза андан ары мындай деп билдирди: «Silvercorp Metals» компаниясы «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен түзүлгөн тыгыз жана бекем өнөктөштүктү жогору баалайт. Эки тарап долбоордогу үлүштүк катышуунун түзүмү, каржылоо жана кенди өздөштүрүүнү пландаштыруу сыяктуу бардык негизги багыттар боюнча тыгыз кызматташып, долбоордун курулушун жана андан аркы ишмердүүлүгүн биргелешип алдыга жылдырууда».

Капиталга катышуудан тышкары, долбоорлор ишке ашырылып, өндүрүштүк ишмердүүлүк башталган сайын Кыргызстан мыйзамдарда каралган салыктарды, роялтилерди жана башка милдеттүү төлөмдөрдү алат. Silvercorp инвестордун өзүнчө милдеттенмесин буга чейин аткарган: 2026-жылдын 13-майында тоо-кен лицензиясынын мөөнөтү узартылгандан кийин Silvercorp Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке 60 млн АКШ долларын которгон. Лицензиянын колдонуу мөөнөтү 30 жылга — 2062-жылдын июнь айына чейин узартылган.

Бул каражаттар долбоорлор боюнча түзүлгөн макулдашуулардын алкагында кыргыз тарапка которулган. «Түлкүбаш» долбоорунун курулушуна каралган 166 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджет өзүнчө белгиленген; анын болжол менен 42 млн АКШ долларын 2026-жылы пайдалануу пландаштырылган.

Курулуш аянтчасынан өндүрүшкө карай

«Түлкүбаш» долбоорунда ачуу иштери — карьерди руда казып алууга даярдоо — жана үймөктөп шакардоо аянтчасын куруу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор кычкылданган алтын камтыган рудаларды ачык ыкма менен казып алууну жана андан кийин үймөктөп шакардоо технологиясы менен кайра иштетүүнү карайт.

Пландаштырылган өндүрүштүк кубаттуулук жылына болжол менен 5 млн тонна руданы түзөт. Алтындын күтүлүп жаткан орточо жылдык өндүрүш көлөмү болжол менен 110 миң унцияны же 3,4 тоннага жакынды түзөт. Бул — өндүрүш ишке киргизилип, өндүрүштүк кубаттуулуктар өздөштүрүлгөндөн кийин жетишүү каралган долбоордук көрсөткүчтөр.

Курулуш программасы 2026-2031-жылдарга эсептелген. 15-октябрдагы салтанат бул этаптын башталышын белгиледи: алдыда өндүрүштүк инфраструктураны түзүү, курулушту аяктоо жана комплексти эксплуатациялоого даярдоо иштери турат.

Бүгүнкү күндө «Чаарат заав» ЖАКта 134 кызматкер иштейт, алардын 110у — Кыргызстандын жарандары, анын ичинде 55и — Чаткал районунун тургундары. Долбоорлор өнүккөн сайын компания жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана тоо-кен тармагы үчүн кадрларды даярдоого мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну пландаштырууда. Долбоорлор толук өндүрүштүк этапка чыкканда 600гө жакын жумуш ордун түзүү каралган.

«Биз жогорку стандарттарга ылайык ачык карьерди жана кайра иштетүүчү ишкананы куруп, инвестициялык милдеттенмелерибизди ырааттуу аткарып жатабыз. Жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү менен катар айлана-чөйрөнү коргоого, жергиликтүү жамааттар алдындагы социалдык жоопкерчиликти аткарууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикасын колдоого өзгөчө көңүл бурабыз. Ушуну менен биз тоо-кен тармагындагы эл аралык кызматташтыкта өз ара пайдалуу өнөктөштүк принцибин иш жүзүндө жүзөгө ашырып жатабыз. Биз заманбап тоо-кен ишканасы алтын казып алуу менен гана чектелбеши керектигин, бул узак мөөнөттүү жоопкерчиликти да талап кыларын терең түшүнөбүз», — деди Хонг мырза.

Компаниянын Чаткал району менен кызматташуусу социалдык программаларды жыл сайын каржылоону камтыйт. Райондук администрация менен түзүлгөн келишимге ылайык, компания бул максаттарга 14 млн сом бөлөт. Каражаттар билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарын колдоого, социалдык объектилерди курууга жана оңдоого, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүүгө, маданий жана спорттук иш-чараларга багытталат.

2026-жылы мончо комплексин курууга жана ветеринардык жабдууларды сатып алууга кошумча 350 миң АКШ доллары каралган. Компания ошондой эле жергиликтүү администрацияны колдоо үчүн 12 тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууну каржылайт.

Өз сөзүндө Хонг мырза «Чаарат» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстандын мамлекеттик колдоосусуз, жергиликтүү жамааттардын түшүнүүсү жана колдоосу, ошондой эле долбоорлоочулардын, куруучулардын жана жабдуу жеткирүүчүлөрдүн биргелешкен аракеттери болбосо, мүмкүн эместигин белгиледи. «Бул — бардык тараптардын биримдигинин, өз ара ишениминин жана кызматташтыгынын натыйжасы», — деп сөзүн жыйынтыктады Сон Хонг мырза.

Компания жөнүндө

«Чаарат заав» ЖАК Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Батыш Тянь-Шань алтын алкагынын чегинде жайгашкан «Түлкүбаш» жана «Кызылташ» алтын долбоорлорун өнүктүрүүдө. Компаниянын негизги артыкчылыктары — кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо, айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу.

SEREP MEDIA