Abank_oct
SerepTV Logo

Алыскы Алайкуунун жолдору асфальтталып жатат

Алыскы Алайкуунун жолдору асфальтталып жатат
 
Кыргызстандын алыскы аймактарынын бири болгон Алайкуу өрөөнүндө Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолун куруу жана жаңылоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Жалпы узундугу 138 километрди түзгөн автожолдун буга чейин 72 километри асфальтталган. Учурда 54,4 километр тилкесинде курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 24,5 километр тилкесинде жер иштери толугу менен аяктап, асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата аталган тилкеге 6 километр асфальт төшөлдү.

Алайкуунун мурдагы татаал жана кооптуу жолун заманбап, ыңгайлуу жана коопсуз автожолго айландыруу максатында бир катар кошумча иштер да аткарылууда. Тактап айтканда, кооптуу тилкелерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн темир-бетон тосмолор коюлууда. Ошондой эле суу жана сел өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда. Мындан тышкары, 75-, 86- жана 107-километрлерде атайын техникаларды сактоого арналган үч ангар курулуп, пайдаланууга даяр болду. Алардын экөө 50 метр, бирөө 20 метр узундукта. Курулуш иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн 83-километрде асфальт-бетон заводу иштеп жатат. Завод асфальтты өз убагында жана үзгүлтүксүз өндүрүп, жол курулушуна жеткирүүдө.

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолунун жаңыланышы шарты катаал аймакта жашаган калктын каттамын жеңилдетүүгө, транспорттук байланышты жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
SEREP MEDIA