Египетке Өзбек жарандары үчүн кирүүнүн жаңы эрежелери кийинкиге жылдырылды
Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өзбек жарандарынын Египетке кирүүсүнө коюлган катаалдаштырылган талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү 2027-жылдын 1-мартына жылдырылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага чейин туристтер Шарм-эш-Шейхке жана Синай жарым аралына азыркы тартип боюнча визасыз бара алышат. Буга чейин 1-ноябрдан тарта Синай жарым аралына кирүү үчүн алдын ала виза алуу талап кылынары маалымдалган.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги келип түшкөн маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисир Араб Республикасынын аймагына кирүүгө карата жаңы талаптар күчүнө кирерин жана алар кийинки билдирүүгө чейин колдонула тургандыгын маалымдаган.