Жалгыз адамдардын онунун тогузу жашоосуна канааттанат
Бир нече жыл бою романтикалык мамиледе болбогон адамдардын болжол менен 90 пайызы жалпы жашоосуна канааттанган. Мындай жыйынтык Personality and Social Psychology Bulletin журналында жарыяланган изилдөөдө айтылат. Окумуштуулар өнөктөшүнүн жоктугу сөзсүз эле жашоо деңгээлинин төмөн экенин билдирбей турганын аныкташкан.
Изилдөөчүлөр эч качан никеге турбаган жана 11 жылдык байкоо мезгилинде — 2009-жылдан 2021-жылга чейин — туруктуу өнөктөшү болбогон 2 930 адамдын маалыматтарын талдашкан. Катышуучулар изилдөө башталганда болжол менен 18, 26 жана 36 жаштагы үч топко бөлүнгөн. Изилдөөгө катышууну улантуу үчүн адам жыл сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн ар биринде жалгыз бой бойдон калышы керек болгон. Улуу курактагы топтун катышуучуларынын 14 пайызы гана бул шартка жооп берген болсо, эң жаш топто бул көрсөткүч 67 пайызды түзгөн.
Окумуштуулар жашоого болгон жалпы канааттанууну, жалгыздыкка болгон мамилени, сексуалдык канааттанууну жана өнөктөш табууга болгон каалоону баалашкан. Натыйжада ар бир курактык топтун болжол менен 90 пайызы изилдөө жүргүзүлгөн бардык мезгилде жашоосуна орточо көрсөткүчтөн жогору деңгээлде канааттанган бойдон калганы аныкталган. Ошол эле учурда өзүнүн жалгыздык статусуна болгон мамиле көбүрөөк өзгөргөн. Эң жаш топтогулардын болжол менен 67 пайызы жалгыз жашоосуна канааттанса, улуу эки топто бул көрсөткүч төмөн болгон.
«Мамилеге түздөн-түз байланышкан көрсөткүчтөр — мисалы, сексуалдык канааттануу жана өнөктөш табууга болгон каалоо — катышуучулардын арасында кыйла айырмаланганын байкадык. Ал эми жашоого болгон жалпы канааттануу таң калыштуу деңгээлде туруктуу бойдон калган», — деди изилдөөнүн башкы автору, Торонто университетинин докторанты Элейн Хоан PsyPost басылмасына.
Изилдөөчүлөр ошондой эле жашоого канааттануу менен адамдын жеке өзгөчөлүктөрүнүн ортосунда байланыш бар экенин аныкташкан. Жашоосуна, үй-бүлөлүк абалына жана сексуалдык жашоосуна көбүрөөк канааттанган адамдар, адатта, нейротизмдин деңгээли төмөн жана экстраверсиясы жогору болгон.
Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү романтикалык өнөктөш табууну каалаган.
Изилдөөнүн дагы бир жыйынтыгы билим деңгээлине байланыштуу болгон. Билим деңгээли жогору катышуучулар сексуалдык канааттануусу төмөн топторго көбүрөөк киришкен. Изилдөөнүн авторлору муну окуу адамдын жеке жашоосуна убакытты аз калтырышы мүмкүн экендиги менен түшүндүрүшкөн.