Abank
SerepTV Logo

Түштүк Кореядагы ата-энелер уулдарга караганда кыздарды көбүрөөк тандай башташууда

Түштүк Кореядагы ата-энелер уулдарга караганда кыздарды көбүрөөк тандай башташууда

Түштүк Кореяда ата-энелер кыз балалуу болууну пландаштырууда: айрымдары жыныстык катнаштын графигин түзүп, аялдарга атайын диетаны карманууну сунушташса, эркектерге смартфонду чөнтөккө салып жүрүүнү сунуш кылышууда.

Демографиялык кризиске туш болуп жаткан өлкөдө акыркы он жылдыктарда кызык тенденция байкалууда: көпчүлүк жубайлар балалуу болууну чечсе, кыз төрөөнү каалашат. 2024-жылдын аягында Gallup International жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, кыз каалагандардын үлүшү 28%ды түзсө, уул каалагандар 15% болгон. Салыштыруу үчүн: 1992-жылы корейлердин 58%ы уул төрөөнү каалашкан.

32 жаштагы Кёнгидо провинциясынан инженер Ю мындай дейт: ал башында бала каалаарына ишенген эмес, бирок жолдошу экөө бир гана бала төрөөнү чечишкен жана анын кыз болушун каалашат. Ал экинчи баланы такыр каалабай турганын, ошондуктан уул төрөлүп калабы деп тынчсызданарын айткан.

Мындай өзгөрүүнүн себептеринин бири — жаштардын экономикалык абалынын начарлашы. Мурда алар карыган ата-энелерин багууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышса, азыр бул милдет көбүнчө аялдардын мойнуна түшүүдө. Ошондой эле кыздар менен эмоционалдык байланыш уулдарга караганда бекем болот деген түшүнүк бар.

Келечектеги баланын жынысын пландаштырууда айрымдар илимий жактан далилденбеген ыкмаларды колдонушат. Социалдык тармактарда кеңири тараган мындай ыкмалардын айрымдары төмөнкүлөр:

▪️ Эркектердин смартфонду шымдын чөнтөгүндө алып жүрүүсү — гаджеттен чыккан нурлануу Y-хромосомалуу сперматозоиддерге таасир этет имиш. Алар алсыз болуп, кыз бала жаралуу ыктымалдыгы жогорулайт деген ишеним бар.

▪️ Овуляцияга 2–3 күн калганда жыныстык катнашка баруу — америкалык акушер-гинеколог Лэндрам Шеттлс сунуштаган ыкмага ылайык, бул кыз төрөө мүмкүнчүлүгүн 80%га чейин жогорулатат деп айтылат (илимий жактан далилденген эмес).

▪️ Атайын диета — аялдарга чочконун этин, жумуртка жана балык жеш сунушталса, эркектерге жашылча, жаңгак, жемиш жана сүт азыктарын колдонуу сунушталат.