Abank
SerepTV Logo

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2719 адамга жетти

Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2719 адамга жетти
Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2719 кишиге жеткенин премьер-министрге шилтеме берүү менен Рейтер агенттиги билдирди. 31-мартта 2 миңден ашуун адам каза болгону кабарланган. Маалыматка караганда, кеминде 4521 адам жаракат алып, 400ү дайынсыз болууда. Премьер-министр каза болгондордун саны 3 миңден ашышы мүмкүн деп божомолдоду.