Abank
SerepTV Logo

Төңкөрүш орун алган Мьянмада жаңы бийлик интернетке чектөө киргизди

Төңкөрүш орун алган Мьянмада жаңы бийлик интернетке чектөө киргизди
Мьянмада төңкөрүштөн соң учурдагы бийлик өлкөдөгү нааразычылыкты басаңдатуу максатында интернет-провайдерлерге Фейсбукту жана бир катар социалдык тармактарды убактылуу чектөөгө алууга буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Мындан улам Фейсбуктун өкүлдөрү Мьянмадагы тургундар үй-бүлөсү жана достору менен баарлашып, башка маанилүү жаңылыктардан кабардар болуусу үчүн бийликти байланышты калыбына келтирүүгө чакырган. Ошондой эле «NetBlocks» интернет-мониторингинин маалыматы боюнча, Мьянмада Instagram жана кат алмашуучу WhatsApp менен Facebook Messenger да блоктолгон. 1-февралга караган түнү Мьянма армиясы бийликти басып алып, мамлекет башчыларын камакка алган соң, өлкөдө 1 жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган.
Unknown Author