Abank july
SerepTV Logo

Күн тутулуусу жана Персеиддер метеор агымы: бир түндө эки сейрек көрүнүш болду

Күн тутулуусу жана Персеиддер метеор агымы: бир түндө эки сейрек көрүнүш болду

12-августтун кечинде толук күн тутулуу болуп, ал эми 13-августка караган түнү Персеиддер метеор агымы эң жогорку чегине жетти. Ошентип, эки астрономиялык сейрек көрүнүш бир мезгилге туш келди. Бул тууралуу Орда басылмасы жазды.

Күн тутулуунун толук фазасын Гренландиянын айрым аймактарынан, Исландиядан, Орусиянын түндүк бөлүгүнөн жана Испаниядан, ошондой эле Португалиянын чакан аймагынан байкоого мүмкүн болду. Бир нече мүнөткө Ай Күндү толугу менен жаап, асман кыйла караңгылаган. Бул материктик Европа үчүн 1999-жылдан берки алгачкы толук күн тутулуу болду. Ал эми Испанияда мындай көрүнүш 1912-жылдан бери байкала элек. Исландиянын борбору Рейкьявиктин тургундары үчүн бул өзгөчө сейрек окуя болду. Шаарда толук күн тутулуу дээрлик 600 жылдан кийин — 1433-жылдан бери биринчи жолу байкалды.

Ошол эле түнү жыл сайын боло турган эң белгилүү «жылдыз жаандарынын» бири — Персеиддер метеор агымы да эң жогорку чегине жетти. Ыңгайлуу шартта саатына 100гө чейин метеорду көрүүгө мүмкүн болгон.

Персеиддер Жер Свифт — Туттль кометасы калтырган бөлүкчөлөрдүн агымы аркылуу өткөндө пайда болот. Майда бөлүкчөлөр атмосферага жогорку ылдамдыкта кирип, күйүп, асманда жаркыраган из калтырат. Метеор агымы 24-августка чейин активдүү болот, ошондуктан аны жакынкы түндөрдө да байкоого мүмкүн. Аны түн ортосунан кийин таң атканга чейин, шаардагы жарыктардан алыс жерде байкоо эң ыңгайлуу.

Мындан тышкары, түнкү асманда алты планетанын — Нептун, Сатурн, Уран, Марс, Меркурий жана Юпитердин парадын байкоого мүмкүн болду. Бирок алардын бардыгы эле карапайым көз менен көрүүгө жетиштүү деңгээлде жарык болгон эмес.