Abank july
SerepTV Logo

Колумбияда катуу жер титиреп, кеминде 111 адам каза болду

Колумбияда катуу жер титиреп, кеминде 111 адам каза болду

Колумбияда катуу жана кыйратуучу жер титирөө болду. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү 7,4 баллды түздү.

Колумбиянын Чоко департаментинин губернатору X социалдык тармагында жабыркагандар бар экенин жана имараттар олуттуу зыянга учураганын билдирди. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн батышындагы Сан-Хосе-дель-Пальмар шаарчасынан 5 чакырым чыгышта, 100 чакырымдан ашык тереңдикте жайгашкан.

«Чоко департаментинде жаңы эле катуу жер титирөө болду. Биз афтершокторго тынчсызданып жатабыз. Жер титирөөнүн очогу Сан-Хосе-дель-Пальмарда болгонуна карабастан, [департаменттин] борбору Кибдодо жабыркагандар бар жана имараттар олуттуу зыянга учураганы катталды», — деп жазды Нубия Каролина Кордоба-Кури.

Caracol радиосунун маалыматына караганда, табигый кырсыктын кесепетинен Манисалес шаарындагы кафедралдык базилика да жабыркаган. Жер титирөө Колумбиянын ар кайсы шаарларында, анын ичинде Боготада да катуу сезилген.

Ошол эле учурда Колумбиядагы жер титирөөгө байланыштуу цунами коркунучу жарыяланган жок. Бул тууралуу АКШнын Улуттук океандык жана атмосфералык башкармалыгы билдирди.

Кали шаарынын мэринин айтымында, шаарда кеминде 19 имарат урап, алардын урандыларынын алдында адамдар калган. Ошондой эле Чоко департаментинин борборунда жана Рисаральда департаментинде имараттардын урашы жана олуттуу жабыркашы катталганын El Heraldo жана El Espectador басылмалары жазды.

Колумбияда жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 111 адам каза болуп, 87 адам жабыркаганы тууралуу El Tiempo басылмасы президентке таянып кабарлады. Бийликтин алдын ала баалоосуна ылайык, өлкө боюнча 100гө жакын үй жана башка имараттар ураган. Колумбияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.