Индиялык өзгөчө өспүрүм Гиннесстин рекорддор китебине кирди (видео)
" target="_blank">https://24tv.ua/fun24/ru/paren-s-sindromom-oborotnja-ustanovil-mirovoj-rekord-razvlechenija_n2770780">Индиялык Лалит Патидар аттуу өспүрүм эркектер арасындагы эң түктүү беттин ээси катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Маалыматка" target="_blank">https://24tv.ua/fun24/ru/paren-s-sindromom-oborotnja-ustanovil-mirovoj-rekord-razvlechenija_n2770780">Маалыматка караганда, өспүрүм өтө сейрек кездешүүчү оору болгон гипертрихоз менен жабыркайт.
" target="_blank">https://24tv.ua/fun24/ru/paren-s-sindromom-oborotnja-ustanovil-mirovoj-rekord-razvlechenija_n2770780">Өзүнүн адаттан тыш көрүнүшүнө карабастан, Лалит сырткы келбетине кабатырланбай, өзүн толугу менен кабыл алганын айтат. Буга чейин ал көптөгөн сыноолордон өткөн: классташтары аны дароо кабыл алышкан эмес. Бирок кийинчерээк алар түктүү беттин артында кадимкидей эле адам турганын түшүнүшкөн. "Менин келбетим менен эле айырмаланбасам, кадимки эле адаммын",- дейт ал. Ал бетиндеги түктөрдү алдырып салуу планында жок экенин айтты.
" target="_blank">https://24tv.ua/fun24/ru/paren-s-sindromom-oborotnja-ustanovil-mirovoj-rekord-razvlechenija_n2770780">