Abank
SerepTV Logo

ChatGPT'ден кытайлык DeepSeek озуп өтүп, дүйнөнүн бай адамдарын 108 миллиард долларга сыздатты

ChatGPT'ден кытайлык DeepSeek озуп өтүп, дүйнөнүн бай адамдарын 108 миллиард долларга сыздатты
Кытайлык DeepSeek компаниясынын DeepSeek-R1 чат-боту америкалык технологиялык гиганттардын акцияларын кыйратып, миллиарддаган жоготууларга себеп болду. Эң чоң жоготууга Nvidia'нын негиздөөчүсү Женсен Хуанг дуушар болду. Анын байлыгы 20%га, тагыраагы 101 миллиард долларга чейин кыскарып, акцияларынан 600 миллиард доллар жоготту. Мындан башка Oracle'дин негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Эллисон 22,6 миллиард доллар; Dell компаниясынын негиздөөчүсү Майкл Делл — 13 миллиард доллар; Binance компаниясынын башчысы Чанпэн Чжао — 12,1 миллиард долларлык жоготууга учурашты. DeepSeek өзүнүн жаңыланган чат-бот моделин ChatGPT менен атаандаша алат деп билдирди. Ишке киргизилгенден көп өтпөй, DeepSeek-R1 чат-боту америкалык App Store'де эң популярдуу акысыз тиркеме болду.