Польшада бийлик менен соттун тиреши күчөдү
Польшадагы кризис: президент Кароль Навроцкий түн ичинде полициянын тосмосунан өтүп, Варшавадагы Конституциялык соттун имаратына кирип, азырынча ошол жерде турат. Буга чейин ал Сенегалга бара жаткан учагын буруп, Польшага кайтып келген жана кырдаалга жеке өзү кийлигишүүнү чечкен. Консервативдүү «Укук жана адилеттүүлүк» партиясы колдогон мамлекет башчысы буга чейин Конституциялык трибуналдын төрагасы Богдан Свенчковский менен анын орун басары Бартоломей Соханьскийдин кызматтан четтетилишин «мамлекеттик төңкөрүш» деп атаган.
Түн ичинде тартылган видеолордун биринде Кароль Навроцкий полиция кызматкерлери жана башка судьялар менен тирешип, андан соң трибуналдын имаратына киргени көрүнөт. The Guardian басылмасы жазгандай, таңкы саат 4:00гө карата президент дагы деле имараттын ичинде болгон. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Кароль Навроцкий Польша өкмөтү дайындаган адамдарды «Конституциялык соттун судьялары эмес» деп билдиргени угулат.
Анын атынан окулган билдирүүдө «конституциялык орган күч менен басып алынганы» айтылып, коопсуздук күчтөрүн имараттан чыгып кетүүгө чакырган. Буга чейин имараттын кире беришинде массалык кагылышуулар болгон.
Польша парламенти — Сейм тарабынан шайланган, бирок Кароль Навроцкий ант берүүсүнө уруксат бербеген трибуналдын судьясы Мачей Берек президент имаратка кирүүгө аракет кылып жатып, трибуналдын төрагасын кызматтан четтеткен судья Анна Корвин-Пиотровска менен «физикалык тирешүү жолун тандаганын» билдирди.
Ал эми трибуналдын X социалдык тармагындагы баракчасында «мыйзамсыз басып алуу» тууралуу билдирүү жарыяланган. Анда: «Трибуналдын төрагасы дагы деле Богдан Свенчковский, ал эми анын орун басары — Бартоломей Соханьский. Анна Корвин-Пиотровска — Конституциялык трибуналдын судьясы эмес. Бул аракеттерге катышкан бардык адамдар кылмыш — мамлекеттик төңкөрүш жасап жатышат», — деп жазылган.
Бирок трибуналдын расмий сайтында мамлекеттик органдын X тармагындагы аккаунту ага тиешеси жок экени айтылат.
Өлкөдө болуп жаткан окуяларга Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский да реакция жасады. Ал таңкы саат 5:00дөр чамасында X социалдык тармагына: «Польшанын Конституциялык сотунун айланасындагы тирешүү 2023-жылдагы шайлоодо бийликтен кеткен популисттик өкмөт саясатташтырып койгон мекемеде мыйзамдын үстөмдүгүн калыбына келтирүүгө байланыштуу. Анын төрагасы саясий жактан маанилүү иштерди атайын тандалган судьяларга өткөрүп берип, мыйзамды бир нече жолу бузган», — деп жазды.
Польшанын Конституциялык трибуналынын айланасындагы, негизги өзөгүн премьер-министр Дональд Тусктун өкмөтү менен Кароль Навроцкий колдогон «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын тиреши түзгөн жаңжал бир нече айдан бери уланып келет.
Чыр президент Польша парламенти шайлаган жаңы судьялардын антын кабыл алуудан баш тарткандан кийин башталган. Трибуналдын төрагасы Свенчковский да алардын ыйгарым укуктарын таануудан жана иштерди кароого катыштыруудан баш тарткан.