Abank_oct
SerepTV Logo

Грек-рим күрөшү боюнча спортсмендер мекенге кайтып келишти

Грек-рим күрөшү боюнча спортсмендер мекенге кайтып келишти
 
28-октябрда, Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортсмендери мекенге кайтып келишти.

Спортсмендерди “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, спорт өкүлдөрү жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча 10 спортсмен катышкан. Алардын ичинен 72 кг чейинки салмак ченинде Амантур Исмаилов, ал эми 82 кг чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов коло медаль жеңип алышты.
SEREP MEDIA