Айпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло медаль үчүн күрөшөт
Казакстанда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы (76 кг чейинки салмак категориясында) Дүйнөлүк биринчиликтин жарым финалына жолдомо алды.
Айпери Медет кызынын жарым финалга карай жолу: 1/8 финал: Баштапкы беттеште мекендешибиз египеттик тажрыйбалуу спортчу Самар Хамза менен күч сынашты. 10:6 эсиби менен алдыда келе жаткан Айпери Медет кызы беттештин соңунда атаандашын далысын килемге тийгизип (туше) таза жеңишке жетишти. Чейрек финал: Австриялык спортчу Мартина Кюнц менен болгон курч жана татаал таймашта 3:3 упайдын артыкчылыгынын негизинде жеңишти жулуп алды.

Финалга чыгуу үчүн беттеште Индиянын өкүлү Кажал Кажал менен кез келип, андан утулуп калды. Бүгүн, 28-октябрда Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт.