Abank_oct
SerepTV Logo

Садыр Жапаров Анкарада Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды

Садыр Жапаров Анкарада Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды
 
Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алкагында “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды.

Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Мамлекет башчылары ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган искусство чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Экспозициялар салттуу маданияттын байлыгын, улуттук турмуш-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүн жана түрк элдеринин тарыхый мурасын чагылдырып, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын атынан “Бештепе” президенттик паркында “Мураскер” скульптурасы орнотулган. Скульптура атасынын ишин – бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн уланткан жаш мергенчинин образын ачып берет. Композицияда көчмөндөр салтынын негизги элементтери айкалышкан: бүркүт – руханий бийиктиктин жана эркиндиктин символу, тайган – талаа мергенчисинин ишенимдүү шериги, ал эми жаа — чеберчиликтин жана ички токтоолуктун белгиси. Аллеяны көрүп чыккандан кийин делегациялардын башчылары жубайлары менен биргеликте сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышышты. Иш-чаранын соңунда Малазгирт искусство борборунда президенттерге ТМУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарын чагылдырган концерттик программа тартууланды.
SEREP MEDIA