Abank_oct
SerepTV Logo

1-ноябрдан баштап түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда кыймыл токтотулат

1-ноябрдан баштап түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда кыймыл токтотулат
 
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдайт: 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы — Жалал-Абад («Түндүк — Түштүк») альтернативдүү автожолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.

Айдоочуларды сапарларын алдын ала пландап, белгиленген чектөөнү эске алууга чакырабыз.
SEREP MEDIA