Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды
28-октябрда Жапыкеев Сыймык Асылбекович Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 12-ноябрда аяктайт.