Abank_nov
SerepTV Logo

Жалал-Абад облусундагы эки жол убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусундагы эки жол убактылуу жабылды
 
Жалал-Абад облусундагы эки автомобиль жолунда кыймыл убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 180-215,7-чакырым аралыгына тосмолор коюлуп, жол убактылуу жабылды. Чектөө күз-кыш мезгилиндеги коопсуздук чараларына байланыштуу киргизилди.

Ошондой эле Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад – Казарман – Сары-Кыр тилкесинин 357-443-чакырым аралыгы тиешелүү буйруктун негизинде 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылган. Буга байланыштуу министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордогу кырдаалды эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.
SEREP MEDIA