Шашылыш билдирүү: 15-17-ноябрь күндөрү үшүк жүрөт
15-17-ноябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.