Касымалиев COP31 Лидерлер саммитинде улуттук билдирүү жасады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) Лидерлер саммитинде улуттук билдирүү жасады.
Өз сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын COP31дин артыкчылыктуу багыттарына берилгендигин ырастап, өлкөнүн кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттык туруктуулукту чыңдоо жана глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча көрүп жаткан практикалык чараларын белгиледи.
Өзгөчө көңүл климаттык каржылоо маселелерине бурулду. Адылбек Касымалиев өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялашуу боюнча чараларды каржылоого болгон муктаждыктары менен көрсөтүлүп жаткан эл аралык колдоонун көлөмүнүн ортосунда олуттуу ажырым бар экенин белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргызстан климаттык конференцияларда 2035-жылга карата климаттык каржылоого жыл сайын 1,3 трлн АКШ долларын мобилизациялоо жана адаптациялык чараларды каржылоонун көлөмүн үч эсеге көбөйтүү боюнча жетишилген макулдашууларды кубаттайт.
Ошол эле учурда ал климаттык каржылоого жетүүнү жөнөкөйлөтүү жана административдик тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын баса белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы өзүнчө уникалдуу жаратылыш экосистемаларын, атап айтканда Ысык-Көлдү сактоо маселелерине токтолду. Ал 2026-жылдын 22-сентябрында президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин жарыялаганын жана Кыргыз Республикасынын алгачкы салымы 10 млн АКШ долларын түзөрүн эске салды.
Адылбек Касымалиев эл аралык уюмдарды, донор өлкөлөрдү жана жеке секторду аталган демилгени колдоого чакырды. Глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүү жөнүндө сөз кылып жатып, Министрлер кабинетинин төрагасы тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жыл сайынкы Диалог өткөрүүнү колдоого чакырды.
Бул контекстте ал ошондой эле практикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илимий, техникалык жана каржылык потенциалды бириктирүүгө багытталган Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борбор түзүү жөнүндө Кыргызстандын демилгесин билдирди.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Саммиттин катышуучуларын 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Ал тоо экосистемаларын жана криосфераны сактоо эл аралык коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги экенин жана билдирүүлөрдөн конкреттүү аракеттерге өтүүнү талап кыларын баса белгиледи.Белгилей кетсек, COP31ге 190дөн ашык өлкөнүн делегациялары, анын ичинде 102 дүйнөлүк лидер катышууда.