Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкек мэриясы шаар тургундарын айыл чарба жарманкелерине чакырат

Бишкек мэриясы шаар тургундарын айыл чарба жарманкелерине чакырат
 
Борбор калаанын төрт районунда дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлүп, анда Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору сапаттуу азык-түлүктөрдү жеткиликтүү баада сатып ала алышат.

Жарманкелерде ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү өндүргөн продукцияларын сунушташат. Бул сатып алуучуларга керектүү азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Жарманкелер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
- Биринчи май району: Т. Усубалиев атындагы эски аянт. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин;
- Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38. Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабында. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 19:00гө чейин;
- Октябрь району: А. Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Иштөө убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
- Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Фере көчөсү, 33/1а дарегинде (мурдагы мал базардын аймагында). Иштөө убактысы: саат 7:00дөн 15:00гө чейин.

Иш-чаралар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулууда. Жарманкелердин негизги максаты — ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, жергиликтүү продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу. Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун жарманкелерге келип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырат.
SEREP MEDIA