Улан Молдодосов Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды
Улан Молдодосов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды. Жаңы дайындалган директордун орун басарын эмгек жамаатына бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды.
Улан Молдодосов 1976-жылдын 18-июнунда Фрунзе шаарында туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун , ал эми 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.
Эмгек жолу:
· 05.01.1998 - 07.07.2009-жж. - Оор атлетика боюнча Олимпиадалык резервдеги республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде машыктыруучу-окутуучу.
· 08.07.2009 - 29.01.2010-жж. - Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча федерациясында машыктыруучу-окутуучу.
· 30.01.2010 - 14.04.2010-жж. - Бишкек шаарындагы Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун милдетин аткаруучу.
· 14.04.2010 - 16.07.2024-жж. - Бишкек шаарындагы Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору.
· 03.12.2025 - 12.02.2026-жж. - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адисинин милдетин убактылуу аткаруучу.
· 16.02.2026-жылдан азыркы убакка чейин - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.
Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:
- 2008-жыл — Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча эмгек сиңирген спорт чебери.
- 2022-жыл — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
- 2026-жылдын 9-сентябры — Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт отличниги.