Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын мүчөсү Амантур Исмаилов (72 кг чейин) Казакстанда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын коло байгеси ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
3-орун жана дүйнөлүк биринчиликтин коло медалы үчүн өткөн беттеште мекендешибиз россиялык балбан Мингиян Горяев менен килемге чыкты.
Буга чейинки көңүл жубатуучу беттеште Амантур Исмаилов жогорку чеберчилигин көрсөтүп, Швециянын өкүлү Хенрик Даленди 1 мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде 8:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңип алган.