Abank_oct
SerepTV Logo

Афтандил Таалайбек уулу Дүйнө чемпионатында көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Афтандил Таалайбек уулу Дүйнө чемпионатында көңүл жубатуучу беттешке чыгат
 
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Афтандил Таалайбек уулу (63 кг чейинки салмакта) Казакстанда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында медаль үчүн күрөштү улантат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Ал беттешин 1/8 финалдан баштап, анда армян балбаны Карен Асланянга жеңилип калган. Кийин каршылашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Анда биринчи атаандашы молдовалык Корнелиу Русу болот. Эгерде аны жеңип чыкса, кийинки баскычта өзбекстандык Озодбек Халимбоев менен килемге чыгат. Бардык таймаштардан ийгиликтүү өткөн учурда, коло медаль үчүн Болгариянын өкүлү Эдмонд Назарян менен кез келиши мүмкүн.

Көңүл жубатуучу беттештер бүгүн, 27-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 11:30дө өтөт.
SEREP MEDIA