Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Исаев Марс Асанович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бүгүн, 6-сентябрда ал Ош шаарынын мэриясынын аппаратына тааныштырылды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Марс Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.