Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги тергөө абагынан кабар алышты
13-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин депутаттары Акыйкатчы (Омбудсмени) Институту менен биргеликте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингге Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, комитет төрайымы Гульнара Акимбаева, комитет төрайымынын орун басары Мирлан Жеенчороев, депутат Улан Сариев жана Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катышты.
Алгач эл өкүлдөрү камераларды кыдырып, камакта кармалган 10дон ашык жаран менен баарлашты. Текшерүүнүн жүрүшүндө камакта кармалгандар көбүнчө соттук териштирүүлөрдүн создуктурулушуна, тергөөнүн калыс эмес жүргүзүлүшүнө жана медициналык жардамдын сапатына арызданышты. Ошондой эле дарыгерлердин жана дары-дармектин жетишсиздиги айтылды. Абактагылардын бири төрт ай мурда опперация жолу менен боорун алмаштырганын, учурда медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж экенин билдирди. Дагы бир жаран I топтогу майыптыгы бар экенин белгилеп, көрүүсү кескин начарлап кеткендигине байланыштуу медициналык кароодон өтүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды. Депутаттар тергөө абагынын жетекчилигине медициналык жардамга муктаждарды тиешелүү текшерүүдөн өткөрүүнү уюштурууну тапшырышты. Жетекчилик тергөө абагы жакында жаңы имаратка көчөрүн белгилеп, ал жерде талапка ылайык шарттар түзүлгөнүн кошумчалады. Ал эми Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалгандардан жазуу түрүндө арыздарды кабыл алып, Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүн угушту.
Учурда №21 тергөө абагында 1474 адам кармалууда. Алардын 120сы аялдар. Комитет мүчөлөрү айтылган бардык кайрылуулар иликтенерин, анын жыйынтыгы менен кармалып турган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу багытында тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгилешти.