УКМК Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басып, бекитти
Кечээ, 14-февралда УКМК Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басып, бекитти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.
"Кечээ, 14-февралда УКМКнын кызматкерлери мурда коррупция боюнча соттолгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарынын үйүнө мөөр басып кетишкен",- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 8-январда Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузган.
