Abank_oct
SerepTV Logo

Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү

Роза Айтматова менен коштошуу зыйнаты өттү
 
28-октябрда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Розетта (Роза) Төрөкуловна Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Роза Айтматова 26-октябрда 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы болгон.

Розетта Төрөкуловна өмүрүн илимге, билим берүүгө жана коомдук ишмердикке арнап, кыргыз элинин руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Анын илимий изденүүлөрү, билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана коом алдындагы жоопкерчилиги көпчүлүккө үлгү болуп калды. Аза күтүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Роза Акназарова, Рыскелди Момбеков, Кайрат Иманалиев, маркумдун туугандарынын атынан Аскар Айтматов, ошондой эле коомдук ишмерлер, кесиптештери жана жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сөз сүйлөп, Роза Төрөкуловнанын бийик адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн, эмгекчилдигин жана коомго болгон ак кызматын өзгөчө белгилешти. Ошондой эле анын өрнөктүү өмүр жолу, илим-билимге кошкон салымы, жаш муундарды тарбиялоодогу орду жана кыргыз элинин руханий мурасын сактоого кошкон салымы тууралуу жылуу эскерүүлөрүн бөлүшүштү. Катышуучулар маркумдун жаркын элесине таазим этип, анын жакындарына көңүл айтышты.
SEREP MEDIA