Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев мекендештер менен жолугушту
Кечээ, 11-сентябрда Жогорку Кеңеште төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мекендештер менен жолугушту.
Жолугушууда миграция маселелери, кыргыз диаспоралары менен өз ара кызматташтыкты чыңдоо, алардын тарыхый мекен менен байланышын бекемдөө, ошондой эле кыргыз тилин, маданиятын жана улуттук баалуулуктарды чет өлкөлөрдө жайылтуу маселелери талкууланды. Төраганын биринчи орун басары миграциялык саясатты өркүндөтүү, мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп: «Биз үчүн мекендештерибизди Кыргызстанда гана кабыл алуу эмес, алар жашаган өлкөлөргө барып, жашоо-турмушу менен жеринде таанышуу, көйгөйлөрүн угуу жана мүмкүн болушунча аларды чечүүгө көмөк көрсөтүү чоң мааниге ээ. Жогорку Кеңеш ар дайым мекендештер менен ачык диалогдо болууга даяр», – деди. Кийин Медербек Алиев бир катар катышуучуларга Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырды.