Таласта Эгемендүүлүк күнүнө арналган концерт тынч өттү
11-сентябрдын кечинде Талас шаарынын борбордук аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Талас облусунун тургундары, коноктор чет өлкөлүк жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концертине күбө болушту. Майрамдык салтанат учурунда милиция коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, тартип бузуулар катталган жок. Эл тынч үйлөрүнө тарап кетти.