Abank
SerepTV Logo

Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызга жаназа окулду. Аны издөө иштери токтотулду

Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызга жаназа окулду. Аны издөө иштери токтотулду
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызга 12-августта жаназа окулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын атасы билдирди. "Жума күнү мечитте жаназа-намаз окулду",- деди ал. Редакция ӨКМ менен байланышканыбызда, кызды издөө иштери токтотулганын билдиришти. 18-июль күнү Ысык-Көл районунда 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен. Ушул убакка чейин кыздын сөөгү табыла элек.