5-ноябрдан тартып Кубакы ашуусу аркылуу оор жүк ташуучу унаалар каттабайт
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругуна ылайык, 2026-жылдын 5-ноябрынан тартып, 2027-жылдын 1-апрелине чейин жалпы салмагы 7 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар “Көк-Мойнок - Кубакы – Кочкор” эл аралык маанидеги унаа жолунун айрым тилкелеринде жүрүүсүнө тыюу салынат.
Чектөө киргизилген мезгилде оор жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн альтернативдүү маршрут катары Балыкчы шаары аркылуу “Бишкек – Нарын – Торугарт” унаа жолу сунушталат.