Abank_nov
SerepTV Logo

Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды

Үй-бүлөлүк зомбулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды
 
Бүгүн, 5-ноябрда Башкы прокуратурада Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманованын демилгеси менен “Үй-бүлөлүк зомбулукка жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы аракеттенүү” темасында жумушчу жыйын болуп өттү.

Иш-чарага укук коргоо органдарынын, тиешелүү министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү да катышып, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун себептерин аныктоо, ошондой эле бул багытта мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылууларга өз убагында чара көрүү, жабыр тарткан адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, зомбулуктун кайталанышына жол бербөө, ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жашы жете электердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, алардын бош убактысын натыйжалуу уюштуруу, үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча маселелер да каралды.

Катышуучулар тарабынан бул багыттагы ишти натыйжалуу жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
SEREP MEDIA