Abank_nov
SerepTV Logo

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келди

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келди
 
2-ноябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Спортсмендерди “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, спортсмендердин жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча 8 спортсмен катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак ченинде күмүш медаль, ал эми Малик Шаваев 86 кг чейинки салмак ченинде коло медаль жеңип алды. Командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 6-орунду ээледи.
SEREP MEDIA