Садыр Жапаров Астанага барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Казакстан Республикасына келди.
Астана шаарынын эл аралык аэропортунда мамлекет башчысын Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.