Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет.
Сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда. Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу мерчемделген.
Өзбекстандын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары достук, ишеним жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат.