Abank
SerepTV Logo

Элмурза Сатыбалдиев “Мекенчил” депутаттык тобунун лидерлигинен кетти

Элмурза Сатыбалдиев “Мекенчил” депутаттык тобунун лидерлигинен кетти

Депутат Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу “Мекенчил” депутаттык тобунун лидерлигинен кетти. Бул тууралуу 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Сатыбалдиев бир мандаттуу Өзгөн шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Ал депутаттык топту эки жылдан ашык жетектеди.