Бүгүн Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев 30-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.
Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын бетме-бет форматындагы сүйлөшүүлөрүн өткөрүү, ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин Үчүнчү жыйынын өткөрүү пландалууда.
Азербайжан Республикасынын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары кыргыз-азербайжан мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болуп калат