Жыл башынан бери 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыгынан кыйылды
Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыгынан кыйылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
"Алдыда жаңы окуу жылы башталат. Балдарыбыз күн сайын мектепке барып, кайра үйлөрүнө кайтышат. Алардын жолдогу коопсуздугуна кайдыгер карабай, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз! Бала жолдо өзүн кандай алып жүрүүнү биринчи кезекте чоңдордон үйрөнөт. Ошондуктан ата-энелерди балдарына жол эрежелерин үйрөтүү менен гана чектелбестен, өздөрү да жолдо туура жүрүм-турум көрсөтүп, балдарына үлгү болууга чакырабыз. Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыздар!" - деп жазылат маалыматта.