Abank july
SerepTV Logo

УТРКнын “Телекүзөт” берүүсүнүн редакторун сабоого шектүү кармалды

УТРКнын “Телекүзөт” берүүсүнүн редакторун сабоого шектүү кармалды

УТРКнын “Телекүзөт” берүүсүнүн редактору сабалган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери шектүүнү аныкташты. Ал 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран болуп чыгып, кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди.