Abank_nov
SerepTV Logo

Ошто үй өрттөнүп, үч өспүрүм кыз каза болду

Ошто үй өрттөнүп, үч өспүрүм кыз каза болду
15-ноябрда саат 04:42де Ош шаарынын Уста Абдухалил көчөсүндөгү №31 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Туугандарынын айтымында, өрт болжол менен саат 04:00 чамасында башталган. Алардын билдирүүсүнө караганда, өрт башталгандан болжол менен 40 мүнөт өткөндөн кийин 101 кызматына кабар берилген. Өрттү өчүрүүгө саат 04:45те Ош шаардык №12 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 04:53тө кошумча дагы 1 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт саат 05:20да чектөөгө алынып, өрт катталган турак үйдөн 2013-жылы, 2016-жылы жана 2018-жылы туулган үч өспүрүмдүн жансыз денелери табылган. Ошондой эле үй ээси, 1991-жылы туулган эркек киши болжол менен 60 пайыз күйүк алып, тез жардам кызматы аркылуу Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Өрт саат 07:57де толук өчүрүлүп, тилсиз жоонун болжолдуу аянты 120 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
SEREP MEDIA