Abank_nov
SerepTV Logo

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси суудан табылды

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси суудан табылды
 
31-октябрда милицияга 2007-жылы туулган Азим Жыргалбековдун дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Арызда ал 28-октябрда Бишкек шаарындагы батиринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы көрсөтүлгөн. Аталган факты каттоого алынып, издөө жана текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан жарандын акыркы жолу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган. 9-ноябрда ӨКМдин кызматкерлери жана милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө Азим Жыргалбековдун жансыз денеси Дмитриевка жана Буденовка айылдарынын ортосундагы Ысык-Ата дарыясынан, көпүрөгө жакын жерден табылган. Учурда аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын жагдайлары такталууда.
SEREP MEDIA