Abank july
SerepTV Logo

Ошто "Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөрүүгө шектүү кармалды

Ошто "Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөрүүгө шектүү кармалды
Ош шаарынын Ж.Раимбеков көчөсүндө 1-августка караган түнү "Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн аял аныкталып, ал Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган бөлүмдүн тергөө кызматына жеткирилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен бүгүн тиешелүү чечим кабыл алынат. Жеткирилген аял Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун 1992-жылы туулган тургуну, эч жерде иштебейт. Ошол күнү курбусу менен анын үйүндө алкоголдук ичимдик ичип чыккандыгын, бирок мас абалда болгондуктан "Ош-Тазалыкта" иштеген жумушчу аял менен болгон окуя эсинде жок экендигин билдирди. Учурда тергөө кызматы окуя боюнча иликтөөнү улантып жатат.