Ош шаарында баланы жулкулдаткан аялдын видеосу. Милиция териштирүү иштерин баштады
Кечээ, 28-июль күнү социалдык тармактарда Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жашы жете элек баланы жаран тарабынан жулкулдатып жаткандыгы тартылган видео тасма тараган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымдашты.
Бул факты боюнча Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, жеринде кароо жүргүзүлгөн. Жашы жете элек К.Р.нын мыйзамдуу өкүлү – апасы А.А.нын катышуусунда суракка алынып, денесинде жаракат бар же жок экендигин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле окуяга катыштыгы бар К.А. тергөө кызматына камсыздалды.
Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү жагдайлар аныкталган. 27-июлда болжол менен саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жашы жете элек К.Р. (2016-ж.т.) менен А.Н. (2016-ж.т.) ойноп жүргөн учурда, Р.Н.ы оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, таяк менен ургандыгы алгачкы сурак иштеринде аныкталган.
Учурда аталган факты боюнча бардык жагдайларды толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.