Abank_june
SerepTV Logo

Мас абалындагы эркек кишинин улгайган аялга кол көтөрүшү. Милиция алардын жубайлар экенин жана аялы арыз жазуудан баш тартканын билдирди

Мас абалындагы эркек кишинин улгайган аялга кол көтөрүшү. Милиция алардын жубайлар экенин жана аялы арыз жазуудан баш тартканын билдирди
27-июлда социалдык тармактарда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде мас абалындагы эркек кишинин улгайган аялга кол көтөргөндүгү тууралуу видео тасма жарыяланган. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясынан маалымдашты.

Аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, алардын жубайлар экени такталган.

Топтолгон материалдардын негизинде 1986-жылы туулган Д.Р. аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренеси (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен протокол түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү. Аталган жаран буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгү үчүн 3 суткага камакка алынып, ага жана анын жубайына убактылуу коргоо ордерлери берилгени аныкталды. Ал эми жубайы жолдошуна карата эч кандай доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.