Abank july
SerepTV Logo

Коомдук жайдагы адепсиз жүрүм-туруму үчүн жаран 3 суткага камакка алынды

Коомдук жайдагы адепсиз жүрүм-туруму үчүн жаран 3 суткага камакка алынды
 
Социалдык тармактарда коомдук жайда адепсиз жүрүм-турумун чагылдырган видео тасма тараган. Аталган факты боюнча Манас шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жаран А.М. аныкталып, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү материалдар топтолгон.

Топтолгон материалдардын негизинде Манас шаардык соту тарабынан А.М. аттуу жаранга карата 3 суткага камакка алуу түрүндөгү жаза чарасы колдонулду. Ошондой эле, А.М. өзүнүн жасаган аракетине өкүнөрүн билдирип, коомчулуктан кечирим сурады. Жалал-Абад ОИИБи жарандарды коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана коомдук тартипти бузбоого чакырат.