ИИМ: Шаирбек Ташиев мамлекетке келтирилген зыянды төлөп, үй камагына чыкты
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө уланууда. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурушкан. Мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушул жагдайга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери уланууда.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.